Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык атаандашы Тони Фергюсонду карьерасындагы эң күчтүү атаандаш атады. TMZ.Com маалыматына караганда Хабиб мурдагы каршылаштарына салыштырмалуу Тони Фергюсонду күчтүү экендигин белгилеген.

Хабиб Нурмагомедов "Фергюсон – ар дайым күчтүү атаандаш болуп келген. Ошондуктан мен учурда өзгөчө мотивацияда болуудамын. Мен бардык каршылаштарымы жеңишим керек. Бир убакта Барбоза, Дос Аньос, Конор, Порье, Яквинта сыяктуу мушкерлер менен таймашка чыктым жана алардын баардыгын сыйлайм. Бирок, Тони Фергюсон айырмаланып турат" деп айткан.

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Тони Фергюсон менен боло турган таймашы 18-апрелде Нью-Йорк шаарында өтөт.

Эсиңиздерге сала кетсек, орусиялык мушкер менен америкалык Тони Фергюсондун ортосунда 4 жолу беттешүү белгиленип, бирок кийинкиге жылдырылып келе жатат. 2017-жылы 5-мартта белгиленген беттешүү Хабиб Нурмагомедов жаракат алганына байланыштуу болбой калган. Экинчи жолу Тони Фергюсондун саламаттыгынан улам кийинкиге жылдырылган.