Америкалык жеңилбес мушкер Флойд Мейвезер UFCнин мурдагы жеңил салмактагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен кайрадан таймашка чыгууга даяр. Бул тууралуу Флойд Мейвезер TMZ басылмасына берген маегинде билдирди. Анда жеңилбес мушкер белгилүү шарттарда Макгрегор менен кайрадан таймашка чыгууга даяр экендигин айтты.

Флойд Мейвезер “Эгерде мага алдын-ала накталай төлөп беришсе, кайрадан мелдешке чыгууга даярмын”,- деди.

Конор Макгрегор - Флойд Мейвезер: 2017-жыл, «Кылымдын беттеши»

Эсиңиздерге сала кетсек, 2015-жылы беш салмак категориясында дүйнө чемпиону рингден кеткендигин жарыя кылган. Бирок кайрадан соңку беттешүүсүн Конор Макгрегор менен 2017-жылы августь айында өткөргөн. Флойд Мейвезер менен эрежесиз уруш боюнча UFC уюмунун чемпиону Конор Макгрегордун беттеши «Кылымдын беттеши» болгон. АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн бул беттеште Мейвезер атаандашын 10-раундда техникалык нокаутка кетирип, жеңишке жетишкен.