Ашхабад-2017: Жаныбек Аматов Азия чемпиону болду

Ашхабад-2017: Жаныбек Аматов Азия чемпиону болду
27-Сен. 2017, Шаршемби, 10:38

Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабадда өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык спортчу Жаныбек Аматов самбо боюнча мелдеште алтын медалды утуп алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жазып чыкты.

Аматов 90 кг салмактагы категорияда күч сынашкан. Ал афганистандык жана таиланддык спортчуларды катары менен жеңип, чейрек финалга жолдомо алган. Чейрек финалда казакстандык спортчу Куаныш Аязбаев менен беттешип жеңген. Финалда түркмөнстандык спортчу Сердар Ходжамухамедов менен мелдешип 4:0 эсебинде уткан.

Ушуну менен Кыргызстан 13-алтын медалды алды.

Азыркы тапта Кыргызстандын байге куржунунда 70 медаль бар. Анын ичинен 13 алтын, 20 күмүш, 37си коло. Азиянын 62 мамлекетинин ичинен 8-катарда келе жатат. Түркмөнстанда өтүп жаткан Азия оюндары бүгүн, 27-сентябрда жыйынтыкталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!