Бет териңиз күзгө даярбы?

Бет териңиз күзгө даярбы?
25-Окт. 2019, Жума, 12:42

Жайдын аптаптуу күн нурунда күйгөн, кургак бет териңизди күзгө даярдаңыз. Ал үчүн адистер төмөндөгүчө кам көрүүнү сунуш кылат.

Душка колдонулуучу гель

Адистер душка колдонулган гелдердин курамына көңүл бөлүүгө чакырат. Мисалга, гелдин курамында деңиз тузу жана зыяндуу химиялык заттар болсо, анда алар ансайын сиздин бет териңизди кургатып жиберет. Ошондуктан эң жакшысы табигый жолдор аркылуу жасалган, сиздин териңизге ыңгайлуу гелди тандап алыңыз.

Күндөн коргоочу кремдерди колдонуңуз

Кышкы мезгилде күн тийбегенине карабастан, ар дайым күндөн жана сууктан коргоочу кремдерди колдонуш керек.

Терини нымдандыруу

Душка түшүп болгон соң, бет териңизди нымдандырууну унутпаңыз. Ал үчүн атайын лосьондор жана майлар сизге жардамга келет.

Туура тамактануу жана кыймыл аракет жасоо

Күзгү мөмө-жемиштер биздин организмди суу жана түрдүү витаминдер менен камсыз кылат. Ошондуктан адистер сууну көп ичүү менен бирге мөмө-жемиштерди көп колдонууга чакырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!