Ашкабактын териге болгон пайдасы

Ашкабактын териге болгон пайдасы
28-Окт. 2019, Дүйшөмбү, 16:35

Ашкабак өсүмдүгү бир гана күз айында колдонула турган азык эмес. Анын териге жана чачка кам көрүүдө пайдасы зор.

Ашкабактын пайдалуулугу

Ашкабак терини жашартууга жана бырыштардын түшүшүнүн алдын алат. Ошол эле учурда терини жумшартып, териңизге тонус берет. Анткени анын курамы Омега-3 жана Омега-6 майына бай.

Универсалдуу маска

Бардык түрдөгү терилер үчүн универсалдуу маска. Ал үчүн бышырылган ашкабактын жумшак бир бөлүгүн алып, бетиңизге коёсуз. Кийин аны он мүнөттөн кийин жууп салуу керек. Мындай маска сиздин бет териңизди азыктандырып, жылмакай кылып коёт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!