Бет терисин тазалоочу скраб

Бет терисин тазалоочу скраб
30-Окт. 2019, Шаршемби, 16:30

Косметологдор бетке кам көрүүдө ага ар дайым скраб колдонуп турганды кеңеш берет. Анткени биздин бетибизде жаңы клеткалар пайда болгон сайын, мурунку клеткалар кала берет. Ошондуктан бет терисин жашартып, ага ылайыктуу срабтарды колдонуп туруңуз.

Бет терисиндеги кара майда чекиттерден арылыш үчүн, төмөнкү скраб сунуш кылынат.

Деңиз тузун майдалап алып, ага жумуртканын агын бөлүп алып кошуп аралаштырып аласыз. Даяр болгон скраб бетиңизди агартып, тазалоого жардам берет.

Ошондой эле бир чай кашык кофеге, бир чай кашык айран кошуп аралаштырып, скраб катары колдонсоңуз болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!