Үй шартында өзүңүз эле тоник жасап алыңыз!

Үй шартында өзүңүз эле тоник жасап алыңыз!
23-Янв. 2020, Бейшемби, 09:11

Ар бир эле айым кечкисин бетин ар дайым тоник менен тазалап кам көргөн жакшы. Үй шартында майлуу жана аралаш териге төмөнкү тоникти жасап колдонуп көрүңүз.

Бир кашык кургатылган жалбыз, бир кашык ромашка, бир кашык колендуланы бир идишке салып, үстүнө кайнатылган суу куюп коёсуз. Ал тундурма 2-3 саат турганы жакшы. Даяр болгон тоник тундурманы күнүнө эки ирет пахта менен сүртүп, артынан жылуу суу менен жууп бетиңизге кам көрсөңүз болот.

Мында жалбыз-теридеги тешиктерди кичирейтет. Ромашка-терини агартып, нымдалыштырат. Ал эми колендула-көпчүлүк учурда майлуу терилер колдонгон жакшы.

Бул тоник бетиңизди агартып, жумшартып, тартылыштырып сонун кылып коёт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР