Ар бир үчүнчү аял зомбулукка кабылууда

Ар бир үчүнчү аял зомбулукка кабылууда
18-Июль 2019, Бейшемби, 12:43

Аялдар жана кыздар мурдагыдай эле укугу тебеленип, дискриминацияга кабылып жаткандыгын БУУнун башкы секретары Антониу Гутерриш белгилеп өттү.

Анын айтымында: “Ар бир үчүнчү аял дүйнөдө түрдүү зордук-зомбулукка кабылууда. Айрым региондордо бул көрсөткүч абдан эле арбын”.

Тагыраак айтканда, күнүнө 500 миң аял ар түрдүү жаракаттан, оорудан жана төрөттөн каза болуп жаткандыгын кошумчалап өттү. Муну менен бирге дүйнө жүзү боюнча, миңдеген аялдарга укуктук, сексуалдык жана моралдык жактан укуктары тебеленүүдө”,-дейт Гутерриш.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!