Эркектин беш органын туя билсеңиз, ал толугу менен сиздики болот!

Эркектин беш органын туя билсеңиз, ал толугу менен сиздики болот!
9-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 15:11

Психолог адистер эркектердин жүрөгүн жылыта турган беш ыкманы айтышат. Жигитинин жүрөгүнүн ачкычын жана тилин таба албай жүргөн кыздар көп. Мисалга: “Диета кармап арыктадым, ошондо да күйөм мага көңүл бөлбөй жатат”. “Бетимди жууганда кыйынчылык жаралса да, жигитиме жагыш үчүн кирпик тактырып жүрөм. Ошондо дагы ал үйлөнүүгө сунуш киргизбей жатат” деген сөздөрдү көп эле угуп, кулагыбыз чалып жүрөт.

Көрсө, аялдар эркектердин беш органын тең сезе билгенде гана ал сиздин айтканыңызды толук аткарат экен.

Көз

Эл арасында: “Эркек көзү менен, аял кулагы менен сүйөт” деген сөз бар. Бул эң туура. Анткени, сулуу кызды көргөндө мойнун кошо буруп караган эркектер жок эмес.

Кыскача айтканда сулуулук-бул таза жуулуп жүргөн чач, таза жүз жана ашкыча салмаксыз дене. Арийне сулуулукту арким ар кандай түшүнөт. Психологдор: “Сулуулук бул-тазалык” деп сыпаттаган.

Кулак

Бир гана аялдар эмес, эркектер дагы кулагы менен сүйөт. Өмүрлүк тажрыйбасы көп апалар: “Эркектер бала сыяктуу" дегенин угуп эле жүрөбүз.

Ошондуктан жолдошуңузду ар дайым мактап туруңуз. Эгерде сиз мактай албасаңыз сөз арасында күнүнө “Жаным”, “Коргоочум”, “Бакытым” деген сөздөрдү кошуп туруңуз. “Жаным сен болбосоң,мен кантет элем?” деп койсоңуз, жолдошуңузга мотивация да берген болосуз.

Тил

Кантсе дагы эркекти бир гана сулуулук менен жүрөгун жылытып алуу жетишсиз. Мелодрамалык кинолордо эркектердин көпчүлүгү убактылуу башка сулуу аялдар менен убакыт өткөрүп, көңүл ачып кеткендер көп. Убакыттын өтүшү менен эркектин ал аялдан дагы көңүлү калып баштайт. Себеби, ал үйүндөгү аялы жасаган, даамдуу тамак-ашты сагына баштайт. Ошондуктан: “Эркектин жүрөгүнө ашказаны аркылуу жол табасын” деген сөздү унутпаңыз!

Кол

Адамдын денеси ысыкка, суукка сезимтал келет. Ошол сыяктуу бирөө сизди чымчыса, денеңиз ооруйт, сыйпалап массаж жасаса денеңиз балкыйт эмеспи. Бул сыяктуу күйөөңүз жумуштан чарчап келгенде башына, мойнуна массаж жасап берип, жүрөгүн жылытыңыз.

Мурун

Адамдын мурду бир эле учурда он миңден ашык жытты сезип, айырмалай алат. Мисалга, өтүп кеткен агаңыздын баш кийимин кийсеңиз, анын жыты, мурда жасаган кылык-жоруктарын эске саласыз.

Балалык кез дегенде-айылда тандырга бышкан нандын жыты эске келет эмеспи. Даамдуу тамак табитти ачса, жыпар атыр жыттар эркектин сезимин ойготот. Дал ошол сыяктуу ар бир аялдын өзү колдонгон атыр-упасы, креми болгону жакшы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Көмүр ташуучу вагонго жашынган жаран кармалды
Көмүр ташуучу вагонго жашынган жаран кармалды
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жаңы стиль менен ырдап чыгабы?
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жаңы стиль менен ырдап чыгабы?
Өрүк майынын сулуулукка пайдасы
Өрүк майынын сулуулукка пайдасы
Эсеп 27:0 болгондо машыктыруучуну иштен айдады
Эсеп 27:0 болгондо машыктыруучуну иштен айдады
Данияр Эрматовдун болочок жары Айсалкындын кыз узатуу тою болот
Данияр Эрматовдун болочок жары Айсалкындын кыз узатуу тою болот
Адамдарга жасаган чыдамкайлык мамиле өмүрдү узартат!
Адамдарга жасаган чыдамкайлык мамиле өмүрдү узартат!
ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүү көлөмү беш пайызга төмөндөдү
ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүү көлөмү беш пайызга төмөндөдү
УКМК: Ош шаарынын тургуну джихаддык идеологиядан ​баш тартты
УКМК: Ош шаарынын тургуну джихаддык идеологиядан ​баш тартты
Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,5 млрд долларга жетти
Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,5 млрд долларга жетти
​75 жаштагы фитнес жылдызы интернетти жарды (видео)
​75 жаштагы фитнес жылдызы интернетти жарды (видео)
Кайсы табигый дарылар рак оорусун күчөтөт?
Кайсы табигый дарылар рак оорусун күчөтөт?
Президент жаңы мыйзамга кол койду
Президент жаңы мыйзамга кол койду
​“Интер” клубунун машыктыруучусу ок салынган, тоголок кат алды
​“Интер” клубунун машыктыруучусу ок салынган, тоголок кат алды
Тогуз айда Кыргызстанда 15 мектеп курулду
Тогуз айда Кыргызстанда 15 мектеп курулду
Жанар Акаев мыйзам долбоорлорун талкуулоону өзгөртүү тууралуу сунуш киргизди
Жанар Акаев мыйзам долбоорлорун талкуулоону өзгөртүү тууралуу сунуш киргизди
​Ошто өз жанын кыйган аскер кызматкеринин сөөгү табылды
​Ошто өз жанын кыйган аскер кызматкеринин сөөгү табылды