Өлкөдө 600дөн ашык мугалим жетишпейт

10-Март 2017, Жума

Акыркы 5 жыл аралыгында мугалимдердин орточо айлык акысы 3,5 миӊ сомдон 13 миӊ сомго чейин жогорулады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, билим берүү тармагында мугалимдердин жетишсиздиги беш жыл мурдагыга караганда 6 эсе азайды.

Беш жыл мурда билим берүү тармагында 3,5 миӊге жакын мугалим жетишсиз болгон, азыр бош орундар 665ке чейин кыскарды. Учурда билим берүүнүн сапатын көтөрүп, окутуу стандарттарын бекитүү иштерине басым жасалып жатат. Министрликтин алдында Координациялык кеӊеш түзүлүп, билим берүүнүн негизги багыттары талданып чыкты. Мисалы, бюджеттик бөлүмдөрдө окуган студенттердин стипендияларын 2 эсе көтөрүү иштери колго алынды. Ал үчүн 31 млн. сом кошумча каражат талап кылынат.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын бюджетинин 20 пайызга жакыны билим берүү тармагына жумшалат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!