Гүлен: "Комиссия түзүүнү талап кылуудамын"

7-Июль 2017, Жума

Швецияда жайгашкан Стокгольм Эркиндик борбору (Stockholm Center for Freedom (SCF) өткөн жылкы талаштуу төңкөрүш аракеттерине байланыштуу билдирүү жарыялады.

“15-июль: Эрдогандын төңкөрүшү” аттуу 191 барактан турган билдирүүдө Фетхуллах Гүлендин маеги камтылган. Анда ал эмдигиче уюштуруучулары белгилүү болбогон төңкөрүш аракетинин алгачкы мүнөттөрүнөн баштап Эрдоган жана анын өкмөтү бул аракеттин артында турат деп айыптаганы, төңкөрүш тууралуу укканда кандай пикирде болгонун айтып берген. “15-июлдан кийин эл аралык комиссия түзүү сунушу дале кабыл алынган жок. Бул боюнча талап кылып келем. Бириккен улуттар уюму (БУУ), Европа биримдиги же НАТО төңкөрүштү изилдей турган көз карандысыз комиссия түзсүн. Ага түшүнүк бергенге макулмун”,-деген Гүлен 15-июлдан мурда өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы, генерал Хулуси Акар узак убакыттан бери төңкөрүш аракетине даярданып жатканын, буга байланышкан олуттуу иштер аткарылганын уккандыгын айтты.

Маек төмөндөгүчө

- Төңкөрүш аракетин качан билдиңиз жана ал боюнча биринчи кандай жооп кайтардыңыз?

- Маалымат каражаттарынан жана бул жактагы тааныштардан билдим. Бүгүнкүгө чейинки Түркиядагы бардык төңкөрүштөрдүн күбөсү, бул аракеттердин өлкөгө тийгизген кесепеттерин түшүнгөн адам катары алгач Кудай элиме зыян алып келбесин дедим. Түркияда айрым адамдар демократияга динсиздик деген көз карашта болгон мезгилдерди, ал күндөрдөгү каршылыктарды эске алганда да демократиядан кайтканга болбойт деген адамын. Өлкөмө тынчсызданганым үчүн эмдигиче катаал сүйлөмдөр менен сынга алып келем.

- 15-июлга чейин төңкөрүш аракети болорунан тынчсызданчу белеңиз?

- Армиянын төңкөрүшкө даярданып жатканы көп жерде айтылып жаткан. Журналист тааныштардан бирөө Анкарада журналисттердин арасында бул маселе сөз болуп жатканын айткан. Мен дагы өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы, генерал Хулуси Акар узак убакыттан бери төңкөрүш аракетине даярданып жатканын, буга байланышкан олуттуу иштер аткарылганын уккам. Чындыкты бир гана Кудай билет. Бирок “Кызмат кыймылын” жок кылуу максатындагы мындай кандуу төңкөрүш уюштурулаары эч оюма келген эмес.

- 15-июлдан кийин чет элдик медиага берген маекте төңкөрүш аракетин Голливуд сценарийлерине окшотуңуз. Кандай далидерден улам ушундай тыянакка келдиңиз? Сиздин оюңузча сценарийди кимдер жазган жана 15-июлдун артында кимдер турат?

- Ушул мезгилге чейин Түркияда үч төңкөрүшкө күбө болдум. Аларга эч окшобогон сценарий экени балага да түшүнүктүү. Буга байланыштуу көп нерселер айтылды жана жазылды. Башталган убактысын карай турган болсок, жайдын кечинде бардыгы сыртта жүргөн мезгилде бир ууч аскер көпүрөнүн бир жагын карап турганына карабастан ондогон нерселерди саноого болот. Ошол эле отставкадагы бир нече аскер кызматкерлери бул атайн ийгиликке жетпей калгандай түрдө ойлонулган төңкөрүш экенин айтып чыкты. Ал тургай Түркияга иш сапары менен барган ошол мезгилдеги Американын вице-президенти Жон Байден окуяны компьютер оюнуна окшоткон. Натыйжалары Түркиядагы башка төңкөрүштөрдөн оор болду. 249 адам көз жумду. Күнөөсү далилденбеген элүү миң жаран камакта. Күн сайын кыйноолор тууралуу маалыматтар айтылып жатат. Мектептер, жогорку окуу жайлар, миңдеген ишканалар жабылды. Акырындык менен болсо да сапар алган демократиянын жолунан Түркия толугу менен чыкты. Эл бөлүнүп, касташты. Президент деген аталыштын астында Ортоңку Чыгыштагы өлкөлөрдөгү Баас сыяктуу диктатор система орноп жатат.

“ЭРДОГАН ЖАНА АНЫН ЖАРДАМЧЫЛАРЫ ТАРАБЫНАН УЮШТУРУЛГАН ЧЫККЫНЧЫ СЦЕНАРИЙ БОЛГОН”

Узак убакыттан бери жок кылууну самап жүргөн “Кызмат кыймылына” каршы бүтүндөй кыйноолорду кылса да каалаган натыйжасына жете албаган Эрдоган ушундай жолду тандаган. “Кызмат кыймылын” бүтүндөй дүйнөгө террордук уюм катары жарыялоо ниетинде бир нече аракеттерди кылды. Бирок “Кызматтын” адамдары кумурскага зыян келтирбеген, көчөгө чыкпаган, бирөөгө таш ыргытпаган мыкты адамдар болгондуктан мыйзамдар менен бул ниетин ишке ашырууга мүмкүн болгон жок. Ал “Кызматтын” адамдарын колдоруна курал кармаган чыккынчы сценарийи аркылуу жамандагысы келди. Эл аралык коомчулукту ишендире албаганы менен ондогон гезит, телеканалдарда бир жактуу маалымат таратуу аркылуу “Кызматты” түрк коомчулугунун душманына айландырды. Маселе ошол душмандык менен чектелип калса эмне. Бир мамлекеттин келечеги кыйылды. Мамлекет бошотулду. Жүз миңдеген күнөөсүз адамдар, мыкты, билимдүү жана мекенин сүйгөндөр учурда зындандарда жатат жана башка мамлекеттерге кетүүгө аргасыз болду. 15-июль Эрдоган жана анын жардамчылары тарабынан уюштурулган чыккынчы сценарий болгон.

-“Кызмат кыймылынын” мамлекетке жана мекемелерге, коопсуздукка, юстицияга жана аскердик тармактарга таасир этүүгө аракет кылганы айтылып жатты. Кызматтын ушундай максаты болгонбу?

- “Кызмат кыймылы” башынан бери эле билимге маани берген, жакшы, сапаттуу, адептүү, билгиликтүү, мезгилге ылайык жашай билген, жоомарт адам болууну тандаган кыймыл. Бир өлкөнүн жараны өз жерлеринде иштегенге акысы бар. Бул тууралуу бардык маектерде, репортаждарда дайыма кайталап келем. Ал тургай ишенмдүү айта алам.

ТӨҢКӨРҮШ ОЮНУНА КЫЗМАТТЫ СЫЙЛАГАН АДАМДАР КАТЫШКАН БОЛСО АНДА АТАЛГАН КЫЙМЫЛДЫН НЕГИЗГИ БААЛУУЛУКТАРЫНА ШЕК КЕЛТИРИШКЕН БОЛОТ

Кылган иштерибизди жактыргандар балдарын түрдүү факультеттерге,университеттерге окуткан сыяктуу эле бул жактарга жибергендер болгон. “Кызмат кыймылына” көз караштары жакшы болгондор сүйүү, тынчтык, диалог сыякатуу жакшы баалуулуктарды өздөштүрүштү. Бул жатыркай турган жагдайлардан эмес. Бирок бул көрүнүштөр айрымдардын тынчын алууда. Акыркы төрт беш жылда Кызматка системалуу түрдө каршы аракеттер жасала баштады. Жумушсуз калган, түрмөгө камалган коопсуздук кызматкерлеринин, сот жана адвокаттардын Кызмат менен канчалык деңгээлде байланышы бар экенин билбейм. Кызматты жактагандарды тааныбайм. Буларды каттоого алган, алардын тизмеси жазылган дептер жок. Кызмат бул ыктыярчылардын кыймылы. Буга чейин айтылгандарды дагы кайталагым келет. Бул төңкөрүш оюнуна Кызматты сыйлаган адамдар катышканын же катышпаганын билбейм. Эгерде катышкан болсо аталган кыймылдын негизги баалуулуктарына шек келтиришкен болот.

“ЭЛ АРАЛЫК КОМИССИЯ ТҮЗҮҮ СУНУШУН ДАЛЕ ТАЛАП КЫЛАМ”

-Төңкөрүш аракетин изилдөө үчүн эл аралык комиссия түзүүнү сунуштадыңыз. Эмнени күткөнсүз? Айрым мамлекеттердин чалгын кызматтары билдирүүлөрүн жарыяланды. Эл аралык комиссия сиздин талабыңызды аткардыбы?

Жок, орундалган жок. Төңкөрүш аракетин изилдөөнү талап кылдым. Дале ошол оюмдан кайта элекмин. Бириккен улуттар уюму (БУУ), Европа биримдиги же НАТО төңкөрүштү изилдей турган көз карандысыз комиссия түзсүн. Ага түшүнүк бергенге макулмун. Бирок бул сунушту Эрдоган жана АК партия жактырган жок. Эл аралык комиссия бул жакта калды. Парламентте бул темага байланышкан сүйлөшүү талаптары да алардын добушу менен кабыл алынган жок.

Америка, Англия, Германия сыяктуу чалгын кызматтары күчтүү мамлекеттер төңкөрүштү “Кызмат кыймылы” уюштурганы тууралуу далилдерди таба албаганы, бул боюнча билдирүүлөр жетиштүү болгон жок. Мен маселени бүтүндөй эл аралык жамаатты байланаштыра турган комиссия изилдөөсүн талап кылам. Бул жалган жалаалардын айынан Түркияда кыйын күнгө туш болгон жүз миңдеген жарандарды актоо үчүн талап кылам.

ТҮРКИЯ МАФИЯЛУУ ТҮЗҮЛҮШҮ БАР МАМЛЕКЕТКЕ АЙЛАНДЫ

-АК партиянын министрлери Американын президенти Дональд Трамптын коопсуздук боюнча экс кеңешчиси Майкл Флинн менен сизди чыгарып берүү боюнча план түзүшкөнү белгилүү болду. Буга кандай баа бересиз? Сизге карата кандай аракеттер болот, маалыматыңыз барбы?

- Муну укканда барынан да өлкөмө кайгырдым. Демократия сапар алган Түркия Республикасынын бул адамдардын колунда мафиялуу түзүлүшкө айланганына кайгырдым. Бүгүнкү күндө демократиядан артта калган мамлекеттерде Кызмат адамдарын мыйзам, адам укугу, эркиндиги менен эсептешпеген мафиялык ыкмалар менен алып качкан окуялар тилекке каршы болуп жатат. Бул жерде АКШда ушуга окшогон аракеттер болгону түшүнүктүү. Бирок бул жак чындыгында демократия үстөмдүк кылган мамлекет. Андыктан мындай аракеттерди ишке ашырууга мүмкүн эмес. Ага чейин эле коопсуздук боюнча иш алып барган мекемелер бир нече кол салуу аракеттери тууралуу бизге маалымат берип, эскерткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!