2017-2018-жылдары жакырчылык кыскарат

13-Июнь 2017, Шейшемби

Дүйнөлүк банктын алдын ала болжолдоосу боюнча 2017-2018-жылдары Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли кыскарат. Бул тууралуу Кыргызстан боюнча 2017-жылдын каржылык уюштуруусундагы отчётто айтылды.

Маалыматка караганда, 2017-жылы Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 31,7 пайызга азаят. Жакырчылыктын азайышынын себептери айыл-чарбасынын жана курулуштун туруктуу өсүшү аны менен катар сырттан акча коруулардын көбөйүшү болуп саналат.

2017-жылы соода сатыктагы баалардын арзандашы, сатып алуучуларга да оң таасирин тийгизет.

Ал эми 2018-жылы 30,2 пайызга кыскарат.

Эскерте кетсек, Улуттук статистикалык комитети билдиргенине ылайык 2016-жылы Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 2015-жылга салыштырмалуу 6,7 пайызга кыскарган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!