Жеңил өнөр жайы экономиканын артыкчылыктуу тармагы болуп саналат. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунундагы “Текстиль Транс” ишканасынын ачылыш аземинде билдирди.
Анын айтымында, өкмөт өлкөдөгү жеңил өнөр жайын өнүктүрүү боюнча активдүү ишти улантат.
“Атамекендик текстилдик продукция чет элдик рынокто жакшы суроо-талапка ээ. Мындан тышкары, өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсү менен атамекендик ишкерлерде, анын ичинде текстилдик продукция өндүрүүчүлөрдө кеңири рынокко чыгууга жакшы мүмкүндүктөр пайда болду. Өлкө аймактарындагы социалдык жактан маанилүү өнөр жай обьектилеринин санын жогорулатуу зарыл”, -дейт Жээнбеков.
Бекхан Асанов