ИИМ: интернет сайттарды көзөмөлдөйт

17-Март 2017, Жума

Ички иштер министрлиги интернет сайттарда диний экстремизмге үгүттөгөн, порнографиялык, зордук-зомбулук көрсөткөн (көргөзмө, сүрөт, текст) материалдарды көзөмөлдөйт. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эгерде интернет булактарда жогорудагыдай материалдар жарыяланган жана таратылган фактылар аныкталса, бул боюнча чогултулган материалдар сот органдарына жөнөтүлүп, интернет сайт жабылат. Бул мыйзамга ылайык жүргүзүлүп, сайт ээлери тиешелүү жазасын алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!