УКМК: жанкечтинин теги кыргызстандык экени тастыкталды

4-Апр. 2017, Шейшемби

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) "Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы жардырууга шектелген жаран кыргызстандык" деген маалыматты ырастады.

Атайын кызматтын тараткан билдирүүсүнө ылайык, терактка шектүү адам Ош шаарында туулуп, жакынкы жылдары Россиянын жарандыгын алган.

УКМК Россиянын атайын кызматы менен биргеликте иш алып барууда.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары шектүү жанкечтинин сүрөтүн жарыялап, теги кыргызстандык, 1995-жылы туулган Акбаржон Акрамжанович Жалилов экени айтылган.

Кечээ, 3-апрелде Санкт-Петербургдагы метродо жардыруу болуп, 11 адам каза таап, 50 чакты адам жаракат алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!