Кыргызстандын алыскы аймактарында гинекологдордун жетишсиздигинен кош бойлуу энелердин ден соолугу жабыр тартып, ооруканага кеч кайрылган көрүнүштөр көп катталат. Бул маселени алдын алуу үчүн Республикалык ден-соолукту чыӊдоо борборунун адистери алыскы аймактагы айылдарды үймө-үймө кыдырып, кош бойлуу учурундагы коркунуч тууралуу кош бойлуу аялдарга жана анын туугандарына окутууларды өткөрүп келишти.
Жакында эле Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы 862 айылдын жергиликтүү тургундарына ымыркайлардын жана энелердин өлүмүн азайтуу максатында окутуулар өткөрүлдү. Бул иш-чара Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Эне жана баланын ден-соолугун коргоо” программасынын алкагында Республикалык ден-соолукту чыӊдоо борборунун жана айылдык ден соолук комитеттеринин адистери тарабынан ишке ашырылган. Аталган борбордун адиси Сагын Уезбаевдин Zaman.kg сайтына маалымдагандай, мындай иш-чара буга чейин өтпөгөндүктөн жергиликтүү тургундар ыраазычылыктарын билдиришкен.
- Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында жаш балдардын жана энелердин өлүмүнүн себеби маалыматтын жетишсиздиги жана кош көңүлдүүлүк экени белгилүү болду. Адатта алыскы аймактардагы кош бойлуу аялдар учурунда борбордук ооруканаларга жетпей үйүнөн төрөп, ар кандай көйгөйлөр пайда болууда. Кээ бирлери каражат жоктугуна байланыштуу борборго жетпей калышат. Ушул жана башка маселелерди чечүү жолдорун карап чыктык. Ал көйгөйдү азайтууну колго алып, кош бойлуу аялдарга, эки жашка чейин балдары бар энелерге окутууларды өткөрүп, билим деңгээлин жогорулатууну 3 жылдан бери жүргүзүп келебиз. Биринчи биздин максат кош бойлуу мезгилиндеги коркунучту алдын алуу, төрөткө даярдануу жана үй-бүлө мүчөлөрүн маалыматтуулук менен камсыздоо. Анткени кош бойлуу эне кайсыл учурда болбосун бардык нерсеге даяр болушу керек. Кудай сактасын анын ден соолугуна коркунучтуу жагдай жаралып, боюнан түшө турган белгилер болсо дароо ооруканага жеткирилиши керек. Ага жеткирбеш үчүн үй-бүлө мүчөлөрү кандай даярдык көрүш керек? Канча акча сарпташы керек? Документтери, кийим-кече баары даярбы? Мындай учурда күйөөсү, кайненеси эмнеге кам көрүшү керек? Ушул сыяктуу маселелерди талкуулап, кеңеш бердик. Мындан тышкары окуу семинарларды өткөрүүдөн башка керектүү кеп-кеңеш жазылган баракчаларды чыгарып, аны элге тараттык.
Кош бойлуу учурундагы коркунучтуу белгилер
Кош бойлуу учурда эненин бойдон түшүүсү анын ден соолугуна кооптуу абалды жаратат. Адис белгилегендей, кыргыз үй-бүлөлөрүндө кош бойлуу аялдарга кайдыгер мамиле жасалып, анын кесепетинен ден соолугунан жабыр тарткан көрүнүштөр бар.
- Биздин эл ден соолугуна кайдыгер мамиле жасайт. Кош бойлуу келинге көп көңүл бурулбайт,ал үйдө тиричилик менен алышып боюнан түшүп калган учурлар бар. Коркунуч жаралган убакта ооруканага барып, чара көрүлсө балким ичиндеги бала аман калат. Анткени кош бойлуу эненин боюнан түшүүсү анын ден соолугуна зыян алып келет. Стресс, гормоналдык, психологиялык жактан жабыр тартат. Тукум улоого дагы зыянын тийгизет. Кийин балалуу болууга дагы тоскоолдук болуп калышы мүмкүн. Биз айылды көчөмө-көчө бөлүп алып, кайсыл үйдө канча кош бойлуу бар экенин, 2 жашка чейинки баласы бар эненин үйүнө барып, ал жерден аялды, жолдошун, кайненесин баарын чогултуп маалымат бердик.
Уезбаев айылдарда гинеколог адистердин жетишсиздиги көйгөй жаратып жатканын белгилейт.
- Азыр айылдарда гинекологдор жок. ФАП бар болгону менен ал жерде медайым, акушер эле эмгектенет. Дары-дармек дагы тартыш. Дары алыш үчүн райондун борборуна келип, алып кетишет. Кокус төрөт татаал болуп калса адистин жардамын алышка туура келет. Райондук ооруканага баргычакты бир топ кыйынчылыкты көрүп жатат. Мындан улам айылдагылар жаш адистерди өздөрүнө тартууда. Мисалы балдарын гинеколог адистикте окуттуруп, өздөрүнө алып калыш керек. Башка жактан ал жерге эч ким барып иштегиси келбейт.
Шахноза: “Семинардан пайдалуу маалымат алдым”
Араван районунун Акшар айылынын тургуну окутуунун катышуучусу Шахнозанын айтымында, семинардан пайдалуу маалымат алганын мындайча билдирди:
- Мен биринчи баламда толгоом башталып, айылдан аймактык ооруканага бара жатып машинабыздын бензини түгөнүп калды. Кыйналып жатып жолдо төрөгөм. Албетте, кийин анын кесепетин тарттым. Ал эми бул окутуулардан кийин бизге даярдоо баракчалары берилди. Ошол баракча боюнча даярданып жатам. Мисалы, алдын-ала бензинге акча топтоп коюу. Толгоо башталса, төрөт үйүнө баргандагы баштыкчаны даярдоо жана аны баардык үй-бүлө мүчөлөрүнө белгилүү жерге жайгаштыруу. Ушул жана башка айтылган нерселерди камдап жатам.
Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда 2012-жылы тирүү төрөлгөн 1000 баланын ичинен 1 жашка жетпей 20сы чарчап калса, 2015–жылы 18и көз жумган. Ал эми 100 000 кош бойлуу жана төрөгөн аялдардын ичинен набыт болгондордун саны 2012-жылы 49,1 болсо 2015-жылы 38,5 түзөт.