Жер көчкү 16 үйдү басып калды

2-Май 2017, Шейшемби

Жалпак-Таштагы жер көчкү акырындык менен жылып олтуруп 16 турак үйдү басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагындагы Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү, акырындык менен жылып олтуруп, бүгүн, 2-майда 16 турак үйдү баскан. Негизинен жер көчкү жүрүп жаткан аймакта 61 турак-жай бар. Андан тышкары 4 социалдык объектиге (1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП жана 1 мечитке) коркунуч жаралды. Жер көчкү Шор-Суусун бөгөп калгандыктан, суу топтолууда.

Кырсык катталган жерге ӨКМнин кызматкерлери жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүштү.

Белгилей кетсек, 27-апрель күнү 15 турак үйдүн тургундары ӨКМ тарабынан, айылдын жогору жагындагы “Жолборс-Үнкүр” участкасына орнотулган 15 даана чатырларга жайгаштырылган. Ошондой эле ӨКМ тарабынан кечээ, 1-май күнү кошумча 46 даана 5 орундуу чатыр жана 46 даана тазалык каражаттары бөлүнүп, аталган айыл аймака жеткирилген. ӨКМ тарабынан 46 даана чатыр Жолборс-Үңкүр участкасына орнотулуп 45 үй-бүлө көчүрүлдү, анын ичинен 1 чатыр ФАП үчүн орнотулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!