Организмдеги сууну кантип сактап туруу керек?

Организмдеги сууну кантип сактап туруу керек?
12-Июнь 2017, Дүйшөмбү

Тастыкталгандай: жөнөкөй суу суусундукту кандырып гана койбостон, ден соолукка да пайдалуу. “American Journal of Epidemiology” илимий журналы 2013-жылы алты жыл мурунку изилдөөнү басып чыгышкан. Анда илимий тажрыйбага 20 миңден ашык адам 38 жаштан 100 жашка чейин катышкан. Тажрыйбанын жыйынтыгы көрсөткөндөй бир күндө бир-эки стакан суу ичкендерге караганда беш стакандан ичкендер журөк ооруларына кабылып жана көз жумуусу аз байкалган. Бир күндө эки литр сууну баардыгы эле иче беришпейт көпчүлү 0,5 литр гана ичүү менен чектелишет. Организмде сууну көп коротпоо үчүн эмне кылуу керек?

Орточо эсеп менен адам организми бир күндө 2-3 литр, ал эми көлөкөдө эс алган адам бир литрге чейин суу жоготот. Ал тургай жөн гана дем алганда да суюктук азаят. Дем алганда же болбосо тердегенде анын азайышы менен температуранын активдүүлүгүн жогорулайт. Жүрөк айланып кусканда жана ич өткөндө көп өлчөмдө суюктукту жоготууга алып келет. Организмдеги суунун балансы керектүү өлчөмдөн төмөндөп кетпеши үчүн, аны суу же суу кошулган азык-түлүк менен ордун толтуруу кажет. Жайкысын организм көп өлчөмдө сууну керектейт.

Төмөнкү факторлор суунун өлчөмүн азайтууга түрткү берет: физикалык кыймыл;

  • Тамеки тартуу;
  • Ысык жерде туруу;
  • Ысык жерде же жылытылган нерсенин үстүнө жатуу
  • Көп өлчөмдө тамактануу
  • Спирт ичимдиктери;
  • Майлуу тамак;

Эгер суу органимзге жетпей жатса, анда тамакты сиңирүүдө ал өз органдарынан ала баштайт да ого бетер суюктуктун жок болуусуна алып келет. Баарынан майды сиңирүүдө көп өлчөмдө суу керектелет. Эч качан спирт ичимдиктерин ичпеңиз. Себеби, аны сиңирүүдө да суу сарпталат.

Күн ысык убакта чай же кофе ичүүгө болобу?

Кофе жана чай суусунду кандырбайт. Ошондуктан, бул турдөгү суюктук менен организмди толтурууга мүмкүн эмес, тескеричсинче кофеин көп кабылдап алышыңыз мүмкүн. Андан улам жүрөк тез согуп, чаңкап, кан басым көтөрүлүп ысык аба ырайында организмге күч келүүсү ыктымал. Ошондуктан ысык күндө бул суусундуктарды ичүүнү сунуштабайбыз. Анын ордуна жылуу ак же көк чай лимонже жалбыз кошуп ичүүнү сунуштамакчыбыз. Көк чай кара чайга караганда пайдалуу:анда көп өлчөмдө полифенол (табигый өсүүчү антиоксиданттар) углевод жана витаминдер бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!