Кечээ, 3-майда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде Коомдук телерадиоберүү корпарациясында (КТРК) көрсөтүлүп келген “Керемет көч” телекөрсөтүүсүнүн 10 жылдыгы белгиленди. Көрсөтүүдөгү башкы каармандар болгон Актан менен Акылайды жашы карысы дебей сүйүп көргөн көрсөтүү болгондуктан атайын чоң экрандан көргүсү келген жаш балдар көп болду.
Он жылдык салтанатка бөбөктөр үчүн шоу, эки сериялуу мультфильм, каармандардын сүрөттөрү түшүрүлгөн таттуулар, шириндиктер, момпосуйлар сунушталды.
Бул көрсөтүүгө колдоо көрсөтүп келген ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жетекчиси Юкиэ Мокуонун айтымында, алдыда дагы ушул сыяктуу балдарга арналган пландын үстүнөн иштеп жатышат.
“Биз менен өнөктөштөр тыгыз кызматташып жаткандыктан аларга ыраазчылык билдиргим келет. Бүгүн 10 жылдыгыбызды белгилип жатабыз. Бул берүү өз көрүүчүлөрүн таап, жаш балдардын күтүп көргөн берүүсү болгону бизди кубандырат. Алдыда дагы ушул сыяктуу жаңы пландарыбыз бар”,-деди ал.