Бир сутканын ичинде 6 ирет жер силкинди

4-Май 2017, Бейшемби

Кечээ, 24 сааттын ичинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта 6 ирет кайра-кайра жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун берген маалымат боюнча, кечээ 3-майда саат 10:47де Тажикстандын аймагында очогунда 7 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Шибе, Карамык жана Кара-Тейит айылдарында 6 балл сезилген. Кыргызстандын калган түштүк облустарында 4-5 баллга чейин сезилген. Ал эми саат 11:06да жана саат 11:36да ошол эле очогунда кайрадан 4 жана 4.5 баллга жеткен жер титирөө (афтершок) катталган. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит айылдарында 4 балл, Дароот-Коргон, Жарбашы, Чак, Жаш-Тилек, Кара-Шыбак айылдарында 3 баллга сезилген.

Ошондой эле Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 20:35те жана 21:09да Кыргызстан менен Таджикистандын чек арасында кайрадан очогунда 3-4 баллга жеткен жери титирөө (афтершок) катталган. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Карамык жана Кара-Тейит айылдарында 3,5 балл, Шибе, Кулчу айылдарында 2,5 балл сезилген.

«Саат 02:03дө Тажик Республикасынын аймагында очогунда 5,5 балл болгон жер титирөө катталган. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында 5 балл, Карамык , Шибээ, Чак, Жар-Башы, Кулчу, Дароот-Коргон, Жаш-Тилек, Кара-Шыбак айылдарында 4 балл, Ачык-Суу, Кабык, Кызыл-Эшме, Кашка-Суу жана Кара-Кабак айылдарында 3 баллга чейин сезилген», - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, катталган жер титирөөнүн кесепеттинен Чоң-Алай районунда 66 турак-жай авариялык абалга келди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!