“Мен Конституция боюнча жашайм” акциясы өткөрүлөт

4-Май 2017, Бейшемби

Юстиция министрлиги калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында 5-май - Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата “Мен Конституция боюнча жашайм” акциясын өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акция 5-майда Бишкек шаарынын Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында саат 16:00дө башталат.

“Акциянын катышуучуларына түрдүү сынактар, викториналар болот. Ошондой эле Баш мыйзамды урматтоого Кыргызстандын жарандарынын мыйзам боюнча билим-деңгээлин жогорулатуу, өз укуктарын коргоо боюнча адистер тийиштүү кеп-кеңештерди айтып беришмекчи”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Бул күн дата менен белгиленип, өлкөдө эс алуу күнү болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!