ЖАМУнун сулуусу тандалды

12-Май 2017, Жума

Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жылда өтүүчү “ЖАМУ сулуусу-2017” деп аталуучу кыздар арасындагы сынак болуп, анда экономика жана юридикалык факультетинин 4-курсунун студенти Алина Бөрүбаева баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык маалымат борборунан билдиришти.

Сынактын уюштуруучусу Ырысбай Шайымкуловдун айтымына караганда, быйылкы жылдагы өткөн сынактын өзгөчөлүгү – жеңүүчү кыз университет тарабынан Ысык-Көлдө 10 күн акысыз эс алууга жолдомо алат.

“Сынакты уюштуруунун негизги максаты – студенттерге шык, колдоо берүү менен алардын кийинки ийгиликтерине жол ачуу. Окуу жайда студент бир гана билим алуу менен чектелбестен, маданият жана спорт жаатында да аракет кылышы абзел. Албетте, ар бир факультетте буга чейин сынактар жүрүп, акыркы этаптагы сынакка 10 кыз катышты. Буга карата кыздар көп даярдыктардан өтүштү. Мен ойлойм, баш байгени эң татыктуусу гана алды деп, себеби мээнеттин акыбети дайыма ийгиликке алып келет”, - дейт ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!