​Орозо айт күнүнүн датасы белгиленди

20-Июнь 2017, Шейшемби

25-июнь, жекшемби Орозо айт күнү болуп белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Ислам шариятында Орозо айт күнү жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Пайгамбарыбыз (саллоллоху алайхи васаллам) өз сөзүндө:“Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгер күн бүркөө болуп силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда отуз күндү толуктагыла,”- деп буйруган (Сахих муслим 1081).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!