Жол кырсыктан бир адам каза болду

4-Июль 2017, Шейшемби

Бишкек-Ош унаа жолунун 193-чакырымында “Дэу Нексия” менен “Мерседес-Бенц Спринтер” унаасы бетме-бет кагышкандыгы тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка караганда, окуя Өзгөн районунун аймагында болгон. Анда жол кырсыктын кесепетинен улам “ДЭУ Нексия” унаасынын 58 жаштагы айдоочусу көз жумган.

Бул факты боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!