Жыргалаң: туризм боюнча жайкы фестиваль өттү

29-Авг. 2017, Шейшемби

27-августта Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында жайкы туристтик фестиваль өткөрүлдү. Фестивалга облус башчысы Узарбек Жылкыбаев баштаган бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар, 200дөн ашуун чет элдик туристтер катышты.

Фестивалдын жүрүшүндө жаңы туризм өнүмдөрүнүн бет ачары өтүп, тоого жөө чыгуу, велосипед тебүү, ат үстүндөгү оюндар уюштурулду. Мындан тышкары туристтерге кызмат көрсөткөн конок үйлөрү жана боз үй конуштарынын да бет ачаары болду. Фестивалдын катышуучулары үчүн жармаңке уюштурулуп, кыргыз улуттук ат оюндары, концерттик программа эл назарына тартууланды. Иш-чаранын негизги максаты аталган аймактын туризмдик потенциалын таанытуу. Жайкы туризмди өнүктүрүү. Иш-чара “Жыргалаң өрөөнү дестинациясы” коомдук бирикмеси USAID бизнести өнүктүрүү демилгеси (BGI) программасынын колдоосу тарабынан уюштурулган.

Жыргалаң айылы туристтерди өзүнө тартка турган жаратылышы кооз аймак. Мында жайы кышы чет элдик туристтердин саны үзүлбөйт. Кыш мезгили 8 айга созулгандыктан кышкы туризм өнүгүп жатат десек болот. Эми жыргалаңдыктар жайкысын дагы туристтерди көп кабыл алышууда. Анткени аймакта көз жоосун алган керемет жерлер арбын. Жыргалаң дестинациясынын жетекчиси Эмил Ибаковдун айтымында, Жыргалаң айылында кышкы туризмди гана эмес, жайкы туризмди дагы өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр көп экенин белгилейт.

- Биз фестивалга 50дөй турист келет деп күткөн элек. Андан үч эсе тагыраагы 200дөй чет элдик турист келди. Жыргалаңдын адамдын өзүнө тартчу касиети бар. Бир жолу келген туристтер кайра келе беришет. Мен өзүм Чүйдө жашачумун 2011-жылы бул жака көчүп келип, калып калдым. Айылда 2 жолу кышкы фестиваль өткөн. Жайкы туристтик фестиваль биринчи жолу өттү. Эмки жылы фестивалдын башка дагы түрүн өткөрүүнү колго алмакчыбыз. Мындай иш-чаралардын арты менен туристтер дагы көп келишет. Турист канча көп болсо, өлкөнүн экономикасы дагы көтөрүлөт. Азыр туристтер улуттук суусундуктарды сурашып жарма, кымыз сатып алып жатышат. Өзүбүздүн чымчыма деген тамагыбыз бар. Аны туристтерге бренд катары сунуштап жатабыз. Бул жактаны келечеги кең. Ат минип, велосипед тээп тоого чыгууга ыңгайлуу. Турналуу көл деген жерибиз бар мында турналар Персиядан учуп келип балапан чыгарып, күзүндөсү учуп кетишет. Тулпар таш, Шаркыратма, Эки чат, Ак Кыз аттуу кооз жерлер, Айлампа деген көлүбүз бар. Ушул сыяктуу кооз жерлер абдан эле көп. Чет өлкөдөн көбүнчө Австрия, Германия, Бахрейн, Швейцария, Италия жана башка жактан келишет.

Турист: “Досума Кыргызстан жагып калып, ал аркылуу келдим”

Жыргалаңдагы жайкы туристтик фестивалга чет өлкөдөн 200дөн ашуун турист катышты. Алардын көбү Германия, АКШ, Франция, Кытай, Россия жана башка өлкөдөн келгендер. Арасында АКШдан келген турист Ваул Лекси менен баарлаштык. Ал кыргыз жергесине биринчи жолу эс алып, саякатка келгенин айтат.

- Кыргызстанга биринчи жолу келишим. Келгениме 5 күн болду. Өлкөнүн жаратылышы кооз жерлер көп экен. Кыргыз эли маданиятка бай, меймандас ачык мүнөз келишээрин байкадым. Жергиликтүү эл бактылуу жашап жаткандай сезилди. Мага бул жак абдан жакты, кийин дагы келем. Азырынча Бишкекте, Караколдо, Жыргалаңда болдум. Өзгөчөлүгү катары кайсыл жайлоого барба эл сыйчыл келип, чай ич деп турган эле кишилер. Кыргызстан тууралуу маалыматты досум аркылуу угуп келдим. Ал мындан 2 жыл мурун келген эле. Ага бул өлкө жагып калып, мени дагы баруумду сунуштады. Учурда 3 жылдан бери Пекин шаарында жашайм. Бишкекке жакын жана билеттери дагы арзан. Буга чейин Канада, Мексика, Кытайда болгом.

Узарбек Жылкыбаев: “Жыргалаңга тоо лыжа базасын куруу боюнча сунуштар түштү”

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Жыргалаң айылында тоо туризмин өнүктүрүүгө жакшы шарт бар экенин, кышкы туризмди колго алуу максатында жергиликтүү ишкерлер тоо лыжа базасын куруу боюнча сунуштар бар экенин айтат.

- Акыркы убакта туризм десе эле Ысык-Көлдү элестетчү элек. Учурда тоо туризм дагы өнүгүп жатат. Айрыкча туристтер арасында жөө кыдыруу, ат менен чыгуу, велосипед менен тоого чыккандар көп. Биз аларга шарт түзүп беришибиз керек. Алсак маршурттук каттамдарды ачуу. Бул биринчиден туристтердин коопсуздугун алдын алат. Экинчиден көздөгөн жерине жетүүдө кыйынчылык жаралбайт. Себеби кээ бир жерлер ат минип барууга кооптуу. Мындан улам ӨКМ аркылуу жолдун коопсуздугун аныктап алуубуз зарыл. Быйыл Караколдо конок үйлөр дагы көбөйдү. Алар кышкы туризмге ылайыктап ачышканы менен жайкысын дагы туристтер көбөйүп, мейманкаларда орун калбай калганын айтышууда. Айрыкча жайкы туризм, алпинизм дагы жакшы өнүгүп жатат. Жыргалаңга туристтерди тартууда көп мүмкүнчүлүктөр бар. Жергиликтүү ишкерлер дагы бул жака тоо лыжа базасын куруу боюнча өз сунуштарын айтууда. Биз болсо аларга уруксат берип ал маселени чечип бермекчибиз. Ал эми инвесторлор азырынча бул жакка кызыгып сунуштарын айтыша элек.

Кайл Кунтер: «Туристтерди тартууда бир катар иш-чаралар өтүүдө»

Кыргызстанда туризм жаатында бир катар иштерди аткарып, өлкөгө туристтерди тартууда жергиликтүү тургундарга көмөк көрсөтүп келген ЮСАИД уюмунун бизнести өнүктүрүү демилгеси программасынын өкүлү Кайл Кунтердин айтымында, өлкөгө туристтерди тартууда бир катар фестивалдар өтүп жатат.

- Туризм боюнча Кыргызстанда бир катар кызыктуу иш-чаралар өтүп жатат. Туризмди бир компания өнүктүрүп кете албайт. Бул жерде коомчулук, мамлекет, ишкерлер бириккенде гана ошол жерде туризм өнүгөт. Бул жаатта ЮСАИД уюмунун бизнести өнүктүрүү долбоору бир топ жардамдарды көрсөтүп жатат. Жер-жерлерде жергиликтүү тургундарга көмөк көрсөтүп, туризмди өнүктүрүүдө өз салымыбызды кошуп келебиз. Учурда долбоор туристтердин агымына карата изилдөөлөрдү жүргүзүп жатат. Кыргызстанга канча турист келди, алар кай жактарга барып жатат. Аларды эмне кызыктырат ушуларды изилдеп жатабыз. Бүгүнкү фестивалга дүйнөнүн бир канча өлкөсүнөн 200гө жакын турист келди. Бул жакшы жетишкендик. Аларды биз алып келген жокпуз. Коомдук бирикмелер аркылуу келишкен. Буга чейин Бөкөнбаев айылында өткөн фестивалда 300дөн ашуун турист, Ошто 1000 миңге жакын турист катышкан. Бул абдан жакшы көрсөткүч.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!