Курсактагы майды кетирүү үчүн

5-Сен. 2017, Шейшемби

Курсактагы майды кетирүү үчүн:

1. Таза суу ичүү

Адам күнүнө 1,5 литр суу ичүүсү тийиш. Өзгөчө эртең менен, ошондой эле тамактанар алдында бир стакан суу ичкен өтө пайдалуу. Ал эми тамактангандан кийин суу ичүү- курсактагы ашыкча майдын пайда болуусуна себепчи болот.

2. Жашылча-жемиштерди жеңиз

Жер жемиштер, дан азыктары менен жашылчаларды жеп туруу – ичтеги майдан арылуунун бир ыкмасы. Мындай азыктар менен тамактанганда көп убакытка чейин курсак ачпай ток жүрөсүз.

3. Бүкүрөйүп жүрбөө

Көбүнчө бүкүрөйүп жүргөн адамдардын арка омурткасы менен сөөктөрү жапа чегип гана калбай, курсакка май да жыйналат. Ошондуктан денени түз кармап жүрүү керек. Керек болсо, тамактанган учурда да бүкүрөйбөй тамактануу керек.

4. Ичимдик ичпеш керек

Сыра – ичке майдын жыйналуусунун бирден-бир себеби. Сырасыз өмүр сүрө албай турган болсоңуз да, анда ичээр алдында бир чыны суу ичип алыңыз. Ошондо ичке майдын жыйналбоосуна аз да болсо себепкер болот.

5. Тамеки тартуудан баш тартуу

Тамеки чеккен адамдын ичи менен капталына май жыйналат. «Тамеки таштасам – семирип кетемин» - деген жалган пикир.

6. Курсакты тартып жүрүү

Курсакты тартып жүрүп да ашыкча салмактан арылууга болот. Күн сайын ичиңизди тартып жүрсөңүз, ордуна келе баштайт. Бирок, катуу ооруганга чейин жеткирбеңиз.

7. Көнүгүүлөрдү жасоо

Түрдүү көнүгүүлөрдү жасоо арыклуу да арыктоого мүмкүн. Андай көнүгүүлөрдүн көптөгөн түрү бар.

8. Массаж жасоо

Күнүнө 10 мүнөт ичиңизге массаж жасаңыз. Ал үчүн жыйналган майды кысып кармоо аркылуу массаж жасоо керек. Анын да түрү бар.

9. Туура тамактануу

Ичке майдын жыйноолусунун дагы бир себеби- туура эмес тамактануу. Углевод, ачыткылар, нан-токоч азыктарыичтеги майдын чогулуусуна таасир берет. Ошондуктан, мындай тамак-аштардан 1 жумадан тартып бир айга чейин баш тарткан оң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!