Кыргызстандын 60 пайызы газ менен камсыздалат

29-Авг. 2017, Шейшемби

Бүгүнкү күндө “Газпром” ишканасы Кыргызстанды көгүлтүр от менен камсыз кылуу иштеринин 26 пайызын аткарды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта “Газпром Кыргызстан” компаниясынын Бишкектеги жаңы административдүү имаратынын ачылышында “Газпром” ишканасынын жетекчиси Алексей Миллер билдирди.

Анын айтымына караганда, “Газпром” ишканасы Кыргызстанды көгүлтүр от менен камсыздоо боюнча өз милдетин өз убагында аткарат. 2030-жылга чейин Кыргызстандын 60 пайызы көгүлтүр от менен камсыздалат.

Ал эми премьер-министр Сапар Исаков: “Өлкөбүздө 10 жылдан бери “Газпром” ишканасы иштеп келет. Республикалык бюджетке 1 миллиард доллар каражат түшүрүп жатат. Бул үчүн “Газпромдун” башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллерге ыраазычылык билдирем”,- деди.

Айта кетсек, бүгүн Сапар Исаков жана Алексей Миллер Ала-Тоо жаңы конушуна газ берүү иш чарасына катышышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!