Курман айт күнү транспорттор элди акысыз ташыйт

30-Авг. 2017, Шаршемби

Ош шаарындагы коомдук транспорттор 1-сентябрь - Курман айт жана билим күнүнүн урматына шаардыктарды жана конокторду акысыз ташыйт.

Мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси Талант Канатбек уулу билдиргендей, демилгени шаар мэри Айтмамат Кадырбаев көтөргөн.

Жүргүнчүлөрдү шаар ичинде акысыз тейлөө ушуну менен экинчи ирет ишке ашууда. Биринчи жолу 27-июнда Орозо айт күнүндө да ушундай жөрөлгө башталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!