Нарында жол кырсыктарынан 5 өспүрүм каза болгон

7-Сен. 2017, Бейшемби

Нарын облусунун аймагынан катталган жол кырсыктарынан 25 өспүрүм ар кандай жаракат алса, 5 бала каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка караганда, Нарын облусунун аймагынан ушул жылдын 8 ай аралыгында 22 жаш балдардын катышуусунда жол кырсыктары катталган. Анын ичинен 25 өспүрүм ар кандай жаракат алса, 5 бала каза болгон.

«Транспорт кырсыгына балдардын кабылуусуна алардын жөнөкөй жолдон өтүү эрежелерин билбегендиги жана чоңдордун кайдигер мамилеси түрткү болууда. Мындай көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн балдарды кичине кезинен жол эрежелерин үйрөтүү керек. Ошону менен бирге ата-энелери жоопкерчиликтүү болууга тийиш»,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!