Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан 3 адам мүрт кетти

11-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 18:32

Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу жана жеңил унаа кагышып, 3 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, жол кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 203-чакырымында катталган. Анда “Хонда-Фит” унаасы “Вольво” жүк ташуучу унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын үч жүргүнчүсү кырсык болгон жерде мүрт кеткен. Жол кырсыгы болгон жерге ӨКМнын куткаруучулары барып, каза болгондордун сөөгүн ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!