“Айтматов энциклопедиясынын” 3 томдугу жарык көрдү

7-Июнь 2017, Шаршемби

Кыргыз Улуттук илимдер академиясында “Айтматов энциклопедиясынын” 3 томдугунун бет ачаары болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Көргөзмө менен коштолгон иш-чарага коомдук ишмерлер, илимпоздор, тарыхчылар, адабиятчылар, маданият кызматкерлери, режиссёрлор, сүрөтчүлөр, жогорку окуу жайларынын окутуучулары, жазуучунун бир туугандары жана башкалар катышышты. Анда өкмөтүн, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн менен чыгышты. УИАнын президентинин милдетин аткаруучу, академик Мурат Жуматаев, белгилүү академиктер Абдыганы Эркебаев, М.Мамакеев, М.Мамытов, Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев жана жазуучунун бир тууганы, академик Ильгиз Айтматовдор жарык көргөн энциклопедия тууралуу ойлорун ортого салышты.

УИАнын президентинин милдетин аткаруучу Мурат Жуматаев куттуктоо сөзүндө мындай деди:

“Айтматов тууралуу 3 томдуктун жарык көрүшү кыргыз коомчулугу үчүн чоң окуя болуп саналат. Ал эми энциклопедия көлөмү менен эле эмес, мааниси жагынан да өзгөчөлөнүп турат десе болот. Андыктан залкар жазуучуну даңазалоо окумуштуулардын бирден-бир парзы болуп эсептелинет”.

Иш-чараны алып барган академик Абдылдажан Акматалиев дүйнөлүк адабияттын тарыхында Данте, Шекспир, Гете, Шиллер, Диккенс, Лермонтов, Пушкин сыяктуу атагы алыска кеткен акын-жазуучулардын өмүрү жана чыгармачылыгына байланыштуу энциклопедиялары бар экендигин айтып өттү.

“Биздин максат – Айтматов жөнүндөгү маалыматтарды окуу китеби, окуу куралы, хрестоматия, антология тибинде жалпы окурмандарга жеткиликтүү кылуу. 1960-80-жылдарда жарык көргөн материалдарды азыр табуу кыйын” – деди окумуштуу.

Анын белгилөөсүндө аталган энциклопедияга кирбей калган маалыматтар дагы бар.

“Чет мамлекеттердеги башка тилдерде жарык көргөн материалдарды чогултуп келүүгө мүмкүнчүлүк менен убакыт болгон жок. Алдыда Айтматовдун 90 жылдыгын, 100 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүүгө карата пландарды иштеп чыгуудабыз” – деди Акматалиев.

Жазуучунун бир тууганы, техника илимдеринин доктору, академик Ильгиз Айтматов энциклопедиянын жарык көрүшү маанилүү дагы, пайдалуу дагы саамалык болгонун айтты:

“Эмгектин коомдук-саясий, коомдук-уюштуруучулук, ошондой эле өтө чоң интеллектуалдык мааниси бар. Ошондой эле мурунку СССР мамлекеттери үчүн дагы мааниге ээ десе болот. Энциклопедиянын үстүнөн иштеген жалпы кызматкерлерге, окумуштууларга жана жетектөөчү Абдылдажан Акматалиевге Айтматовдордун үй-бүлөсүнүн атынан ыраазычылыгымды билдирем” – деди окумуштуу.

“Айтматов энциклопедиясынын” 3 томдугу – алгачкы этап болуп саналат. Эмгекти Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Улуттук программанын алкагында УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана маданият институту даярдаган. Айтматовтаануучу, академик А.Акматалиев демилгелеп, ЖОЖдордо эмгектенген, айтаматовтаануу багытында илимий иш жазган окутуучу жана окумуштуулар салымын кошкон. Ал улам кийинки басылыштарында кошумчаланып, толукталып турмакчы. Анын негизинде “Айтматов жана адабият”, “Айтматов жана коом”, “Айтматов жана театр”, “Айтматов жана музыка” деген сыяктуу тематикалардагы энциклопедиялар даярдалат.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!