Ушул тапта Арстанбап эс алуучу жайы чет жерден келген жана ички туристтерге толуп турган кези. Жаңгак токойлуу, бийик шаркыратмасы бар жаратылышы кооз бул аймакка жолдун алыстыгы, күндүн ысыгына карабай көрүүгө куштар болгондордун катары калың.
Арстанбап эс алуу жайы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жайгашкан. Бул аймак көпчүлүккө шаркыратмасы, жаңгак токою менен белгилүү. Мында чоң жана кичине эки шаркыратма бар. Ал Бабаш-Ата кырка тоосундагы Арстанбап кыштагына жакын, тоонун этек жагындагы тик аскадан агып түшөт. Чоң шаркыратманын жалпы бийиктиги 200 метрдей, үч баскычтан турат. Суу аскада эки жак бети жалама зоолуу кууш каньонду пайда кылат. Кооздугу жагынан кичи Арстанбап шаркыратмасы айрыкча көңүлдү бурат, бийиктиги 20 метрдей. Чачыраган майда суу тамчылары күн нуруна чагылышып, көк желе пайда кылат. Аскалардын бети жашыл эңилчектер менен капталган.
Арстанбап жаңгак токою 1945-жылдан бери мамлекеттик корук болуп эсептелет. 265 миң гектар жерди дарак ээлеп, орто эсеп менен жылына үч миң тонна жаңгак, беш миң тонна алма, беш жүз тонна мисте жыйналып алынат.
Төмөндө жапайы жемиш-токойлуу Арстанбап эс алуучу жайынан алынган фотолорду сунуштайбыз.
Арстанбапда 265 миң гектар жерди дарак ээлейт
Шаркыратмага баруучу жол начар болгондуктан жергиликтүү тургундар ушундай унаага көп адам сыя тургандай ыңгайда жасап алышкан
Эс алуучулар кол эмгегине таандык бул кооз буюмдарды кыя өтүп кете алышпайт
Куруттун бир нече түрлөрү
Бул жүрөкчөнүн арасынан сиз да өз ысымыңызды таба аласыз
Курут, талкандын бир нече түрлөрү
Жайдын аптабынан шаркыратманы пааналаган эс алуучулар
Арстанбаптын эс алуучуларды кызыктырган табылгасы - шаркыратма
Тоо боорундагы кыргыз желеги
Үңкүр. Мурда бул жер зыяратчыларды жайы болуп келсе, эми эс алуучулардын ордосуна айланган
Шаркыратманын башына чыгууну каалагандар да жок эмес