Акыркы 5 айдын жыйынтыгы менен республикалык бюджеттен социалдык тармактарга жумшалган чыгаша 443,7 млн. сомго кыскарган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Алдын ала маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында социалдык тармакка 25 млрд. 156,7 млн. сом жумшалган. Бул сумма жалпы чыгымдын 50,1 пайызына барабар.
Социалдык камсыздоо - 10 млрд. 964,4 млн. сом (21,8 пайыз),
Билим берүү - 8 млрд. 580,4 млн. сом (17,1 пайыз),
Саламаттыкты сактоого - 4 млрд.677,3 млн. сом (9,3 пайыз),
Эс алуу, маданият жана динге – 934,5 млн. сом (1,9 пайыз)