Президент “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Президент Алмазбек Атамбаев “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 25-майында кабыл алынган.
Кабыл алынган Мыйзам Ысык-Көл көлүнүн сейил бактык-пляждык зонасынын жер участокторун ижарага берүү маселелерин тактоого жана ижарачылардын, менчик ээлеринин (ишкерлердин) сейил бактык-пляждык зонаны коргоо укуктарын кеңейтүүгө багытталып, төмөндөгү максаттарды көздөйт:
- тартипти, эс алуучулардын коопсуздугун, мүлктүн сакталышын камсыз кылууну;
-жаныбарлардын сейил бактык-пляждык зонаны булгоосуна жол бербөөнү;
-ижарачынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечими боюнча сейил бактык-пляждык зонанын аймагын көрктөндүрүү жана тартипке келтирүү боюнча өткөрүлгөн иштердин учурларынан тышкары, транспорт каражаттарынын киришине жана башка техниканын пайдаланылышына жол бербөөнү.