​Атамбаев Ангела Меркелге көңүл айтты

5-Июль 2017, Шаршемби

Президент Алмазбек Атамбаев Бавариядагы жол кырсыгынын кесепетинен адамдар каза болгондугуна байланыштуу Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге жана Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркелге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

“Адамдардын каза болушуна жана көп адамдардын жабыр тартышына алып келген Бавариядагы жол кырсыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Бул трагедиянын кесепетинен улам каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтуумду, ошондой эле жабыр тарткандардын баары тезирээк сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюуңузду өтүнөм”,-деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!