​Рысбек Калиев: “Бет май бөйрөктү жабыркатат”

14-Апр. 2017, Жума

Акыркы убакта бөйрөк оорусунан жабыркаган жарандардын катары күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Мындан улам "бөйрөк оорусу эмнеден улам көп болууда, илдетти алдын алуу үчүн эмне кылыш керек?" деген суроолорго КРнын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор, Рысбек Калиев Zaman.kg сайтына жооп берди.

Бөйрөк оорусу инфекциядан башталат

- Бөйрөктүн “пиелонефрит” оорусу (бөйрөк оорусунун сезгениши) биринчиден инфекциядан башталат. Күн жылыганда чиркейлер чага баштайт эмеспи, чиркей чакканда ал жери кычышат. Аны тырмап алып, ириңдеткенге чейин жеткиргендер бар. Ошол тырмоо учурунда кан аркылуу организмге ар кандай инфекциялар кирип кетет. Денеде пайда болгон жарадан кийин эч нерсе билинбей арадан 4 жума өткөндөн кийин организмдин оорусу билине баштайт. Шишик пайда болот, заарасы өзгөрүп, өңү кочкул, кока-кола суусундугуна окшоп калат. Кан басымы көтөрүлөт, бели оорусу мүмкүн, заарасы кызарып, шишик пайда болот. Кан басымы жогору болсо көзү дагы көздүн көрүүсү начарлап, талма кармаганга чейин барат. Ал эми бөйрөктүн курч кармаган оорусу болгон нефрит (бөйрөктөгү таштын пайда болуусу) ангинадан кийин башталат. Бейтап билинбей жүрө берип эки жумадан кийин оорунун белгиси пайда болуп, өнөкөт оорусуна айланып кетет.

Бет май бөйрөктү жабыркатышы мүмкүн

- Бет майды колдонууда дагы көңүл буруп, курамында эмне кошулмасы бар экендигин билип анан пайдаланыш керек. Африкада балдар бетти агартуучу бет майды кыздарга белек кылышкан. Аны денесине да сүйкөшөт. Агарууну каалаган кыздардын бөйрөктөрү жабыркаган. Көрсө, ал бет майлардын курамында сымап болгон. Бул орган үчүн уулуу зат болуп эсептелет. Андан тышкары, аялзаты колдонуп жүргөн тырмактын боёгун тазалоочу каражаттардын баарында уулуу заттар бар. Алардын баары акырындык менен адамдын организмине терс таасирин тийгизип, өзгөчө бөйрөктү жабыркатат. Көпчүлүгүбүз кайсы бир нерсенин курамында уулуу зат бар болгонун эске албайбыз. Аларды кызыгуу менен колдоно беребиз.

Дары колдонууда сак болуу керек

- Бөйрөк организмде көп функцияны аткарат. Мисалы, организмдеги суунун көлөмүн сактап, кандагы уулуу заттардын чыгышына өбөлгө түзөт. Башкача айтканда чыпкалоочу касиетке ээ. Чындыгында кереметтүү органдардын бири бөйрөк. Учурунда дарыгерлер туура диагноз коюп, туура дарыласа, өнөкөт оорулардын алдын алса болот. Ошондой эле ар бирибиз өзүбүздүн ден соолугубузга кам көрүшүбүз керек. Ар дайым салмакты, кан басымды, кандагы гемоглобинди, зааранын өзгөрүүсүн текшертип туруу абзел. Кээде инфекциялык ооруларга чалдыкканда жөнөкөй эле парацетомол дарысын туура эмес колдонуп, бөйрөгү иштебей калган бейтаптар дагы бар. Ар бир ооруну өз убагында туура дарылоо керек. Себеби үч айдан ашык ооруса өнөкөт ооруга айланат. Андан тышкары цитрус өсүмдүктөрү да организмге терс таасирин тийгизет.

Туздуу тамактарды жебей эле койгон оң

- Ар бир адам ден соолугун карап, убагында дарыгерге көрүнүп кай жерде оорусу же жарасы болсо аны өз учурунда дарылатыш керек. Туура тамактанып, тамеки тартпай, туздуу тамакты ичпей, өзүнүн салмагын текшерип туруусу зарыл. Заарасында, канында өзгөрүү барбы, эгерде болсо аны убагында дарылатканы оң. Дары колдоноордо ичкен дарылар бейтапка терс таасирин тийгизбегендей болушу керек.

Саламаттык сактоо министрлигинин 2016-жылдагы маалыматы боюнча Кыргызстанда 2 миңге чукул киши өнөкөт бөйрөк оорусунан жабыркайт. Ал эми гемодиализде кезекте тургандардын саны 700-800гө жетет. Алардын ичинен мамлекеттик бюджет эсебинен 552 бейтап гемодиализ алып, 118 оорулуу – кайтарымдык жеңилдетилген дарылоодо турат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!