“Футбол сулуусу-2017”: ат салышкан талапкерлер (фото)

“Футбол сулуусу-2017”: ат салышкан талапкерлер (фото)
3-Май 2017, Шаршемби

КРнын футбол федерациясы “Футбол сулуусу-2017” сынагына ат салышкан талапкерлердин сүрөттөрүн жарыялады. Учурда сынак футбол федерациясынын Facebook баракчасында жүрүүдө.

Эрежеге ылайык, федерациянын баракчасына жазылгандар ушул жылдын 10-майга чейин жактырган катышуучунун сүрөтүнүн алдында “Нравится” же “Like” басып добуш бермекчи. Эң көп добуш алган 3 катышуучу “Футбол сулуусу-2017” титулу үчүн күрөшөт. Учурда 9 конкурсант таймашууда. Сынактын жыйынтыгы 10-майда белгилүү болот.

Жеңүүчүлөр КРнын футбол федерациясы тарабынан эл аралык иш-чараларга катышууга жолдомо алат.

Эске салсак, өткөн жылы “Футбол сулуусу-2016” наамын Карина Уразова жеңип алган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!