Миокард инфаркты - жашоо кыскартуучу оору

1-Июнь 2017, Бейшемби

Жер жүзүндөгү каза болуунун 12 пайызы инфаркттан улам келип чыгат. Демек, бул оору коркунучтуу дарт катары эсептелген рак оорусунан алда канча коркунучтуу экен. Анда миокард инфаркты жана ага тиешелүү маалыматтын баарын ушул макаладан окуңуз.

Миокард инфаркты
Миокард инфаркты деп жүрөк булчуңунун кан айлануусу олуттуу бузулган бөлүгү айтылат. Мында кан тамырлардын биринде тромб пайда болуп, мунун эсебинен кайсы бир бөлүккө кычкылтек жетпей калат. Кычкылтек жетпеген ошол бөлүктүн клеткалары 30 мүнөткө чейин эле чыдайт. Эгер бул убакыттан ашса, анда бул бөлүк жабыркады же өлдү деп эсептелинет.
Миокард инфарктынын белгилери:
o Жүрөктүн сайгылашып оорушу
o Колдун чымырашы
o Ийиндин талышы
o Көкүрөктүн сайгылашып оорушу
o Муздак тердин чыгышы
o Шалдыроо
Эскертүү!
Эгер сиз өзүңүздөн же жаныңыздагы адамдан жогорудагы белгилерди байкасаңыз, тез жардам чакырууга шашылыңыз. Ал келгенче оорулууну отургузуп же жаткызып, ага нитроглицерин бериңиз. Муну тилдин алдына салып соруп туруу керек!
Миокард инфарктынын себептери:
o Жүрөктүн согуу ритминин бузулушу
o Узакка чылым чегүү
o Узакка арак ичүү
o Карылык (50 жаштан жогору)
o Кант диабети
o Кан басымынын жогорулашы
o Семирип кетүү
o Өнөкөт стресс

Миокард инфарктын дарылоонун элдик ыкмалары:


Бал. Клюква (1 кг) менен сарымсакты (200 г) майда кылып туурайсыз. Анан ага балды (100 г) кошуп жакшылап аралаштырып, 72 саат бою жылуу бөлмөгө коюп коёсуз. Мындан кийин аралашмадан (1 чай кашыктан) күнүнө эки жолу, өзүңүздү жакшы сезип калганча тамак алдында жеп турасыз.

Алоэ. Балды (300 г), алоэнин ширесин (100 г), 2 лимондун ширесин жана майда тууралган грек жаңгагын (100 г) аралаштырасыз. Анан мындан өзүңүздү жакшы сезип калганча күнүнө тамак алдында бир чай кашыктан 3 жолу жеп турасыз.

Лимон. 5 лимондун жаңы сыгылган ширесине жарым килограмм бал менен сарымсактын эки тишчесин эт туурагычтан өткөрүп кошуп, 7-10 күн караңгы жерде тыныктырасыз. Андан соң бул аралашмадан күнүнө бир чай кашыктан жейсиз.

Жаңгак. 30 даана жакшы быша элек жаңгактын данегин майдалап туурайсыз же эт туурагычтан өткөрөсүз. Анын үстүнө бир литр таза аракты куюп, күнгөйдөгү терезеге 14 күн коюп коёсуз. Даяр болгондо күнүнө 3 жолу 20 тамчыдан 3-4 жума ичесиз.

Бадам. Бадам дагы миокард инфаркты үчүн жакшы дармек болуп саналат. Мындан күн сайын эки даанадан туруктуу жеп туруу аталган оорунун алдын алат. Ага жүзүм, кара өрүк, бал кошуп алууга да болот.

Сабиз
. Миокард инфарктына кабылган соң өзүңүзгө тезирээк келүү үчүн сабиздин жаңы сыгылган ширеси пайдалуу. Ал үчүн жарым стакан (100 г) ширеге бир чай кашык бал же өсүмдүк майын кошуп алыңыз. Күнүнө эки жолу ичүү керек. Кааласаңыз сабиздин, кызыл кызылчанын жана түрптүн ширелерин аралаштырып ичсеңиз болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!