Өмүрлүк жарды кездештирүү кыйынбы?

Өмүрлүк жарды кездештирүү кыйынбы?
27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 15:43

Азыркы заманда кыздардын өзүмө жар болууга ылайык деп эсептеген жигиттерден көргүсү келчү талаптар:

1. Жөнөкөй

2. Ыймандуу

3. Сабырдуу

4. Чыдамдуу

5. Күтүрбөгөн

7. Ар дайым жанында болгон

8. Эки сүйлөбөгөн

9. Ичпеген, чекпеген

10. Спортсмен

11. Сыйлаган

12. Мүнөзү күчтүү

13. Күлкүсү жагымдуу

14. Жүрөгү таза

15. Борукер

16. Көп кыдырбаган

17. Эң башкысы өмүр бою сүйүп өткөн

Бул тизменин жарымы гана, жаза берсек улана берет. Бул талаптарга жооп берсеңиз, сизде күйөө жигит болууга мүмкүнчүлүгүңүз бар. Идеяалдуу жигитти табуу ар бир кыздын кыялы. Буга эч ким каршы чыга албайт. Өзгөчө жаш сулуулар мындай идеалдуу күйөөнү күнү-түнү кыялданып келишет. Бирок ар бир адамда кемчилик болот. Мейли, ал байдын балысы болсун! Мейли ал падышанын эрке баласы болсун! Мейли ал сулуулардын сулуусу болсун!

Ар бир кыз өзүнө ылайык жар издеп бактылуу болуусу тийиш. Ошондуктан өзүңүзгө ылайыктууну гана идеалдуу эркек деп эсептегениңиз оң. Бирок анын башкалар үчүн идеалдуу болуунун, же ошондой болуп көрүнүүнүн да кереги жок. Өз өмүрүңүз үчүн өзүңүзчө идеалдуу адамды жасап алып, өзүңүзчө өмүр сүрүңүз. Ал эми сиздин тандооңузду идеалдуу санабагандар өздөрүнүн кыялындагы ак боз атчан ханзадасын күтө беришсин. Жигит идеалдуу кызды, ал эми кыз идеалдуу жигит издейт. Бирок Кудай аларды бири-биринин кемчиликтерин толуктап туруусу үчүн жараткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!