Вагондо жашаган аял өзбекстандык болуп чыкты

6-Апр. 2017, Бейшемби

Москвадагы Ленинградск шоссесинде ымыркайы менен вагондо жашаган аял кыргызстандык эмес, Өзбекстандын жараны экени анык болду. Бул туурасында Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

“Баланы документтер менен камсыз кылуу максатында элчиликтин кызматкерлери ал аял менен байланышты. Ал Өзбекстан Республикасынын жараны экени, керектүү каражат төлөнбөгөндүктөн төрөт үйү балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк бербегени айткан. Ага өз өлкөсүнүн элчилигине кайрылуу сунушталды”,-деп билдиришти элчиликтин кызматкерлери.

Эске сала кетсек, буга чейин социалык тармактарда, айрым маалымат каражаттарында документи жок 23 жаштагы кыргыз аял жаш баласы менен Москвада кароосуз калган вагондо жашап жатканы тууралуу кабарлар жарыяланган. Москвадагы кыргыз диаспорасы ага жардам берүүгө каражат чогулткан. Ал эми элчиликтин кызматкерлери анын абалы менен таанышууга барган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!