Абанын булгануусу жогорку чекке жетти

4-Май 2017, Бейшемби

Кытайдын борборунда PM2.5 бөлүкчөлөрү камтылган абанын булгануусу бейшемби, 4-майда жогорку деңгээлге жетти. Бул Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) белгилеген көрсөткүчтөн 21 эсе жогору экендигин аталган өлкөнүн Айлана чөйрөнү коргоо министрлиги кабарлады.

Саламаттыкка зыян келтире турган көлөмү 2,5 микрометр же туман сыяктуу PM2.5 бөлүкчөлөр дем менен кирип өпкөнүн тереңинен орун алат. Бул саламатыкка олуттуу көйгөйлөрдү жаратат.

Буга чейин Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян өкмөт абанын булгануусуна каршы чара көрөрүн, Кытайга көк асман кайтарыларын жарыялаган. Көмүр жагуудан келип чыккан булгануу менен күрөш тездетилип, электр станциялары жаңыланарын айткан. Ага кошумча экологияны коргоо боюнча мыйзамдар күчүнө киргизерин убада кылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!