182 адам балмуздакка ууланды

17-Май 2017, Шаршемби

Өзбекстандын Андижан областындагы Шахрихан районунда 15-майда балмуздакка ууланган эки жүзгө жакын адам ооруканага кайрылган. Шаардын администрациясы тургундар колго жасалган балмуздакка ууланганын кабарлады.

Андижан областык Саламаттыкты сактоо башкармалыгы балмуздакка 300 адам ууланганын билдирди. Ал эми жергиликтүү бийлик жабыркагандардын саны алты жүзгө жетерин болжолдоодо. “Шейшембиде кечке чейин интенсивдүү терапия бөлүмүнө 182 адам жаткырылды”,–деген жергиликтүү жетекчилердин бири.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, Өзбекстандын башкы санитардык дарыгери Сайдмурад Сайдалиев баштаган дарыгерлердин тобу келишкен. Шаардык администрация балмуздак өндүргөн ишканалар текшерүүгө алынганын кабарлаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!