Арзан жана жемиштүү - «Meizu E2»

8-Май 2017, Дүйшөмбү

Кытайлык компания “Meizu” күйөрмандары үчүн жаңы смартфон “E2” үлгүсүн сунуштады. Аппараттын корпусу металл менен капталган. Телефондун келечек ээлери 1080 пикселдүү 5.5-дюймдук экранга ээ болушат. Ошондой эле манжа издерин сканерлөөчү “mTouch” басмасы да орун алган. 2 “SIM” карталуу жана “4G VoLTE” колдоосу да бар. Жогорку версиядагы 4 ГБ эс тутум менен жабдылган. Операциялык системанын ролун “Flyme OS 6.0” кытайлык базадагы “YunOS” (Androidдин «тууганы») ишке ашырат.

Гаджеттин арткы камерасы 13 МПге, ал эми алдынкысы 8 МПге ээ. Сактоо үчүн флеш-дисктин көлөмү 64 GB (максималдуу түзүмү) болуп саналат. Ошондой эле “Mali T880” сүрөттөрдү тездетүү каралган, “Bluetooth 4.2 LE”, 128 ГБ чейин “microSD”, “Wi-Fi 802.11 a/b/g/n” , “GPS” багыттоо системасы жана батареянын сыйымдуулугу 3400 мАч (“mCharge” тез кубаттоо) менен жабдылган.

Саттыкка жакынкы күндөрү чыга баштайт. Болжолдуу баасы 230 АКШ доллары турмакчы.

Маалымат булагы: gadgetblog.ru

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!