Эксперттер дүйнөдөгү ишенимдүү унааларды аташты

22-Сен. 2017, Жума, 16:11

Эксперттер дүйнөнүн сегиз рейтингин салыштырып, эң ишенимдүү жана коопсуз автомобилдердин тизмегин жарыялашты.

“Drom.ru” порталынын маалыматы боюнча, компактуу автомобилдер арасында эң ишенимдүүсү “Chevrolet Aveo”, “Hyundai ix20”, “Mazda 2” жана “Honda Jazz” деп таанылды.

Кичинекей кроссоверлердин жогорку ишенимдүүлүгү “Dacia Duster” (румыниялык аналогу Renault Duster), “Mitsubishi ASX” жана “Opel Mokka” болду.

С-класстагы автомобилдер арасында көч башчылар “Mazda 3”, “Mitsubishi Lancer”, “Toyota Corolla” жана “Toyota Prius” аталды.

D-класстагы унаалар тизмегинде “Honda Accord”, “Opel Insignia”, “Toyota Avensis”, “Volkswagen Passat” артыкчылыкка ээ болушту.

Премиум бренддеринин арасында эксперттер “Audi A4 / A4 Allroad / A5”, “Lexus IS”, “Mercedes C-Class” жана “Volvo S60” ээ экенин белгилешти. “Audi Q5”, “BMW X3”, “Lexus NX” жана “Mercedes GLK” ишенимдүүлүгү жогору орточо кроссоверлер болуп таанылды.

Ири кроссоверлер менен жол тандабастар классында “Lexus RX”, “BMW X5”, “Audi Q7” жана “Mercedes ML” экендигин аталды..

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!