Төрага тил майрамына арналган салтанатка катышты

22-Сен. 2017, Жума, 14:37

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Алгач иш-чаранын катышуучуларын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктаган төрага Турсунбеков:

“Эзелтен берки элибиздин жан дүйнөсүн, ой-кыялын чагылдырып, жашоо-турмушун улантууда кыргыз тилинин мааниси жогору. Андыктан, анын мындан аркы келечеги үчүн баарыбыз кам көрүшүбүз керек. Айрыкча, күнүмдүк жашоодо болобу, иш-кагаздарын жүгүртүүдө болобу мамлекеттик тилди колдонууну жайылтуубуз абзел. Анткени, эгемен мамлекетибиздин башкы байлыгы бул тилибиз. Эне тилибиздин келечеги – элибиздин келечеги”, – деди.

Ошондой эле, ал кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча бир катар иштер жасалып жатканына токтолду.

Аны менен бирге аткаруу бийлиги тарабынан “Кыргызтест” долбоорун ишке ашыруу багытында тиешелүү жумуштар жасалышы керектигине токтолду.

“Аталган программанын алкагында мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтарга талапкерлерди тандоодо, алардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасы иштелип чыгат”, – деди ал.

Сөзүнүн аягында төрага Чыныбай Турсунбеков кыргыз тилин өнүктүрүү максатында Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга 200 миң сом тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!