​Ысык-Кѳлдѳ жаштардын форуму ѳтүп жатат

22-Сен. 2017, Жума, 13:33

Бүгүн, 22-сентябрда Ысык-Кѳл районунун «Аврора» пансионатында Эл аралык студенттер, магистранттар жана жаш илимпоздордун форуму болуп жатат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Иш-чараны Билим берүү министринин орун басары Кудайберди Кожобеков ачып, жаш илимпоздорго ийгилик каалады. Ал өз сѳзүндѳ: «Форумга катышуу үчүн 124 жаш илимпоздор ѳздѳрүнүн ишин сунуштаган. Бирок 98 илимпоз катышаарын тастыктаган»",-деп белгиледи.

Форумдун ачылышынан кийин студенттер магистранттар белгиленген секцияларга бѳлүнүп, долбоорлорун сунушташты. Секциялар тѳмѳндѳгүдѳй: Жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу, энергетика, маалыматтык технологиялар, транспорт жана логистика, жаны тамак-аш, курулуш жана архитектура.

Ар бир катышуучу ѳзүнүн долбоорун сунуштаган соң калыстар тобунун чечими менен байгелүү орундар аныкталып, сертификаттар тапшырылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!