Сабиров: «Айдоочулук күбөлүктүн сатып алуу уланууда»

10-Май 2018, Бейшемби, 10:34

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кенештин ар кыл маселелер саатында депутат Максат Сабиров жол кырсыгы боюнча маселени көтөрдү.

Анын айтымында, акыркы учурда жол кырсыгы көп катталганы менен эч кандай чара көрүлбөй келет.

"Арыкы учурда өлкө ичинде жол кырсыгы коп катталууда. Жылына миндей адам жол кырсыгынан кайтыш болууда. Мындай нерсе Ата-Мекендик согуш учурунда деле болгон эмес. Ошондуктан бул чоң маселе болуп турат. Азыр туризм сезону башталуунун алдында турат. Бирок, бул маселе боюнча чара көрүлгөн жок. Учурда дагы эле айдоочулук күбөлүктү окуп албастан, сатып алуу көрүнуштөрү уланууда. Ошондуктан Билим беруу министрлиги жол эрежеси боюнча орто билим беруу мекелерине атайын сабак киргизсе. Балдар жол эрежесин ал жактан үйрөнүп чыкышса жакшы болот эле. Мурда деле окуучулар жол эрежесин мектептен үйрөнүп чыгышчу",- дейт Сабиров.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!