Майлуу-Суу шаарында жер көчкү жүрдү

6-Апр. 2017, Бейшемби

Майлуу-Суу шаарында болжол менен 175 миң кубометр жер көчкү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-апрель күнү саат 17:00 чамасында Сары-Бээ айыл аймагына караштуу көзөмөлдө турган Восточный көчөсү менен Ф.Энгельс көчөлөрүнүн кесилишинде 20 метр унаа жол, 6 метр аралыкта көлөмү болжол менен 175 000 кубометр жер сүрүлүп, Сары-Бээ суусуна 5 метр жетпей токтогон. Жер көчкүдөн 6 турак жайга жана 2 мал сарайга кооптуу абал жаралган.

ӨКМнин кызматкерлери тарабынан 5-апрель күнү тактоо иштеринин негизинде кооптуу жерде турган 6 турак үйдүн жашоочулары өздөрүнүн туугандарыныкына көчүрүлгөн.

«Ф.Энгельс көчөсүнүн жогорку жагында 1 чакырым алыстыкта жашаган 16 үй-бүлө көчкү сүрүлгөн аймактан 20 метр үстүндө жайгашкан, жөө адамдар каттоочу жол менен шаарга катташууда. Жер көчкү сүрүлгөн жолдон өтүүгө тыюу салынып, айыл аймак тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн»,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!