Парда боюнча парламенттин маалымат кызматы үн катты

13-Апр. 2017, Бейшемби

Буга чейин Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы 1 млн. 171 миң сомго парламент имаратына парда сатып алуу үчүн тендер жарыялап, ал коомчулуктун катуу сынына кабылган болчу.

Буга байланыштуу парламенттин маалымат кызматы түшүндүрмө таратты. Маалыматка ылайык, канцеляриялык кыстыргычка чейинки парламенттин чыгымдары боюнча ар бир берене Каржы министрлиги менен макулдашылып, ачык-айкын болот.

“Жогорку Кеңештин имараты үчүн парда сатып алууга жарыяланган тендер дагы алдын ала пландаштырылган.Терезе пардалар мындан 7 жыл мурун жаңыртылган, бүгүнкү күндө жараксыз абалга келди. Буга байланыштуу 7-10 жылга чейин жаңы парда сатып алынбайт. Иш башкармалыгы талап кылынган критерийлердин бирин – оптималдуу төмөнкү баадагы жогорку сапатты жарыялаган. “Жогорку Кеңеш Италия өндүрүшүндөгү пардаларды сатып алат” деген маалымат чындыкка коошпойт. Башкы талап өндүрүүчү өлкө эмес, башкы талап товардын сапаттуу болушу”,- деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кесиптештеринен материал даярдоодо калыс жана акыйкат болууну өтүнөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!