Ноокенде катуу шамал имараттын чатырын учуруп кетти

13-Апр. 2017, Бейшемби

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда катуу шамал айыл өкмөттүн администрация имаратынын чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-апрель күнү саат 23:00дөн 23:15ке чейин аталган райондо катуу шамал болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен.

Ал эми Момбеков айыл аймагында 11-апрель күнү саат 00:00 чамасында катуу шамал болуп, айыл өкмөттүн имаратынын чатырын учуруп, Бишкек-Ош унаа жолунун 515 чакырымынын жээгине түшкөн. Бул имарат 300 м2 болгон.

Кырсыктан жабыркагандар жок.

“Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жеринде тактоо иштери жүргүзүлүп, имараттын чатыры архитектуралык нормаларга туура келбей тургандыгы жана курулуш нормалары сакталбагандыктан, кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес экендиги аныкталган”,- деп маалымдайт басма сөз кызматы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!